
Академиянын спорт директору болуп мурун Кыргызстандын жаштар курама командаларын жетектеген Самат Суймалиев дайындалат. Академия РСКнын студенттеринен командаларды түзүп, 2009–2013-жылдары туулган жаш категорияларында республикалык чемпионаттарга катышат.
Бул академиянын түзүлүшү жаштар арасында футболду өнүктүрүүгө, квалификациялуу машыктыруучулар жана административдик курамды түзүүгө, ошондой эле РСКнын таланттуу оюнчуларынын республикалык деңгээлдеги КФС мелдештерине катышуусун камсыздоого көмөк көрсөтөт.