Кыргызстандагы автотранспортчулар үчүн ЕАЭС өлкөлөрү менен чек арадан өтүү процедурасы жеңилдетилди, - Кабмин
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы жана президентинин администрациясынын башчысы Адылбек Касымалиев «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында жүргүзүлгөн эки реформанын жыйынтыктарын аппараттык жыйындын жүрүшүндө жарыялады.
Узак убакыт бою ишкерлер жана логистика менен алектенген компаниялар Кыргызстан менен ЕАЭБдин өнөктөш өлкөлөрү арасында маалымат алмашуунун натыйжалуу болбошу сыяктуу олуттуу көйгөйгө туш болушту. Транспорттук контролдоо жана уруксат документтери боюнча маалыматтык системалардын интеграциясынын жоктугу кыргызстандык жүк ташуучуларды чек араларда кагаз түрүндөгү документтерди сунуштоого мажбурлаган, бул болсо олуттуу кечигүүлөрдү жараткан.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 100 күндүн ичинде транспорттук контролдоо процедурасы жөнөкөйлөтүлдү. Эми алардын жыйынтыктары жана уруксат документтери электрондук форматта берилет, бул процесстерди автоматташтырууга жана ведомстволор арасында өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга мүмкүнчүлүк берди. Ошондой эле мамлекеттик органдардын маалыматтык системалары модернизацияланды жана каботаждык жүк ташуулар үчүн электрондук уруксат берүү системасы киргизилди. Бул өзгөртүүлөр чек арадан өтүү убактысын кыйла кыскартты жана административдик тоскоолдуктарды азайтты», - деп белгилешти Министрлер Кабинетинде.
Дагы окуңуз:
Кыргызстанда Кытайга жүк ташууга уруксат алуу мөөнөтү 144 эсе кыскартылды
2025-жылы Кыргызстанда «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында актуалдуу...
«Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында эки реформа боюнча жыйынтыктар чыгарылды
Президенттин администрациясында өткөн аппараттык жыйында КРнын премьер-министри Адылбек Касымалиев...
Президенттин администрациясында «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында эки реформанын жыйынтыктары чыгарылды
Касымалиев реформаларды «Өкмөттүн акселераторлору» программасына ылайык улантуу маанилүү экенин...
Без изображения
Автомобиль ташуулар үчүн Кытайга уруксат бланкын алуу мөөнөтү 24 сааттан 10 мүнөткө кыскартылды, - Кабмин
- Эл аралык автомобиль ташуулар үчүн Кытайга уруксат бланкын алуу үчүн талап кылынган убакыт эми...