
Жыгылгандан кийин кызды оор жаракаттар менен Бишкек шаарындагы Улуттук оорукананын травматология бөлүмүнүн реанимация бөлүмүнө жеткиришти. Алдын ала медициналык корутунду кыздын эки бутунун, сол колунун жана омурткасынын сынганын көрсөткөн.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды, зарыл тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн аяктоосунан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат.