
Кыргызстанда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери ири акча талап кылуу менен алектенген адамдардын тобунун аракетин токтотту.
Ж.З. аттуу жаран укук коргоо органдарына кайрылып, белгисиз эки адам «Хамза» жана «Али» деп өздөрүн тааныштырганын, маркум уулунун карыздарынын шылтоосу менен 7 000 000 сом талап кылышканын, эгер талапты аткарбаса, күч колдонуу менен коркутушканын билдирген.
Бул иш боюнча Ички иштер министрлигинин Тергөөнү жүргүзүү кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 208-беренеси (Талап кылуу) боюнча кылмыш куугунтугун баштады.
Башкы криминалдык милиция башкармалыгынын жана Тергөөнү жүргүзүү кызматынын биргелешкен жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында эки адам кармалды: 2005-жылы туулган К.Н. жана 2001-жылы туулган Т.Х., талап кылынган суммадагы бөлүгүн алууда.
Андан кийин кылмыш схемасын уюштуруучу үчүнчү катышуучу — 1986-жылы туулган Ж.А. аныкталып, кармалды. Анын турак жайында тинтүү жүргүзүлүп, кылмышты жасоодо колдонулган транспорт каражаты алынып, айыппул токтоочу жайга коюлду.
Кармалган адамдар Тергөөнү жүргүзүү кызматына жеткирилди жана Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Тергөө учурунда Ж.А. жабырлануучу менен бир нече жылдар бою тааныш болуп, анын финансылык абалы жана үй-бүлөлүк жагдайлары тууралуу маалыматка ээ экендиги аныкталды. Жабырлануучунун уулунун өлүмүн пайдаланып, ал талап кылууну уюштуруп, ага катышуучуларды тарткан.
Учурда кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого багытталган зарыл тергөө иш-аракеттери улантылууда, ошондой эле кармалгандардын башка окшош учурларга катыштыгы текшерилүүдө.
Тергөө уланууда.