Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү КРда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 2,24 млрд сомго жетти
Бирок, айлык кескинде төмөндөш байкалууда. 2025-жылдын декабрь айында кайра иштетүү жана консервалоо көлөмү 133,83 млн сомду түзсө, 2024-жылдын декабрь айында бул көрсөткүч 105,31 млн сомду түзгөн. 2025-жылдын декабрь айындагы физикалык көлөм индексинин көрсөткүчү 56,6% ды түзүп, өткөн айга салыштырганда өндүрүштүн кескин кыскарганын көрсөтүүдө.
Ошентип, жылдык эсептөөдө жашылчаларды жана жемиштерди кайра иштетүү сектору маанилүү өсүштү көрсөтсө да, жылдын аягында туруктуу тенденциялар байкалбай, бул сезондук факторлор, логистикадагы чектөөлөр жана чийки зат базасынын кыскарышы менен байланыштуу болушу мүмкүн.