Жолугушууда Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбооруна басым жасалды.
Дүйнөлүк банк бул долбоорду каржылоону улантууга даяр экенин билдирип, экологиялык жана социалдык стандарттарды, ошондой эле туруктуу өнүгүүнүн эл аралык нормаларын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындан тышкары, башка долбоорлор да талкууланды, анын ичинде:
- «Борбордук Азияда электр энергиясын регионалдык интеграциялоо жана соода программасы (REMIT)» долбоору, Жалал-Абад облусунда электр тармактарын бекемдөө, регионалдык электр энергиясын соодалоону кеңейтүү жана Борбордук Азиядагы энергетикалык инфраструктуранын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
- Тараптар энергетика секторунун туруктуу өнүгүүсүнө жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган ачык жана конструктивдүү кызматташууга болгон ниеттерин растады.
Эки тараптуу жолугушууга энергетика министри Т.Ибраев, энергетика компанияларынын өкүлдөрү, ошондой эле Борбордук Азия боюнча Дүйнөлүк банктын регионалдык директору Наджи Бенхассин, Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Хью Ридделл, Европа жана Борбордук Азия үчүн энергетика жана кен казуу тармагындагы менеджер Стефани Гил-Практикис жана банктагы башка өкүлдөр катышты.