Бул чечим Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) боюнча келишимдин нормаларын аткаруунун натыйжасы болуп, 2025-жылдын 5-декабрында № 111 номери менен кабыл алынган Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечимине ылайык чыгарылган.
Жаңы токтомго ылайык, Министрлер кабинетинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматы төмөнкү маалыматтарды камтыган документти берүү үчүн ыйгарым укуктуу орган болуп дайындалды:
- электромобилдерди алып кирген адам тууралуу маалымат,
- алып кирилген транспорт каражаттарынын саны,
- бул унаалардын баасы.
Документ электр кыймылдаткычтары бар моторлуу транспорт каражаттарына тиешелүү, алар 8703 80 000 3 жана 8703 80 000 5 коддору боюнча классификацияланат.
Бул документти берүү мөөнөтү 3 күндөн ашпашы керек.
Мамлекеттик бажы кызматына тапшырылган:
- тарифтик жеңилдикти берүүдө 2025-жылдын 5-декабрындагы ЕЭК Кеңешинин № 111 чечимине ылайык иш алып баруу;
- аталган документти берүү тартибин иштеп чыгуу;
- импортерден арыз алынгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде документти берүү.
Токтом расмий жарыяланат жана 2025-жылдын 5-декабрындагы ЕЭК Кеңешинин № 111 чечиминин күчүнө кирген учурдан тартып күчүнө кирет.
Анын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентинин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткаруу контролу башкармалыгына жүктөлгөн.
Токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.