
Бишкекте «Финансылык чалгындоону далил катары колдонуу ˗ акча жуу жана терроризмди каржылоого байланышкан оор жана татаал иштерди тергөө» темасына арналган семинар өттү. Уюштуруучу катары Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы Европалык Союздун уюштуруп жаткан уюшкан кылмыштуулук жана терроризмге каршы күрөшүү долбоору менен биргеликте иш алып барды.
Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан финансылык чалгындоо, укук коргоо органдары жана сот структураларынын өкүлдөрү, ошондой эле кирешелерди актоо жана терроризмди каржылоого каршы иш алып барган эл аралык эксперттер катышты.
Семинар учурунда финансылык чалгындоо материалдарын кылмыш иштеринде колдонуу, параллелдүү финансылык тергөө жүргүзүү, ошондой эле кылмыштуу активдерди аныктоо, камакка алуу жана конфискациялоо сыяктуу негизги темалар талкууланды. Мындан тышкары, эл аралык кызматташтык жана адам укуктарынын эл аралык стандарттарына ылайык юридикалык жардам берүү маселелерине көңүл бурулду.
Иш-чаранын программасы эксперттик лекциялар, практикалык учурлар жана интерактивдүү талкууларды камтыды. Бул Борбордук Азиядагы актуалдуу чакырыктарды талкуулоо жана тажрыйба алмашуу үчүн платформа түздү.
Мындан тышкары, Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын орун басары Бакытбек Алишеров EU-ACT долбоорунун регионалдык координатору Каспарс Валпетерис менен ЕС Глобалдык Инициативасынын жетекчиси Дэвид Хотт менен жолугушту. Сүйлөшүү учурунда келечектеги кызматташтыктын мүмкүн болгон багыттары жана биргелешкен инициативалар боюнча пландар талкууланды.