Элдик Банк: ГД ООН – жооптуу бизнес үчүн аянтча

Сергей Гармаш Эксклюзив
VK X OK WhatsApp Telegram



21-январда БУУнун Глобалдык келишимдер тармагынын Директорлор кеңешинин биринчи жыйыны өттү. Бул маанилүү иш-чарага «Элдик Банк» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев катышты, ал ошондой эле Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп саналат.

Жыйында 2023–2025-жылдардагы Тармактын ишинин жыйынтыктары чыгарылып, 2026–2030-жылдарга карата стратегиянын негизги багыттары талкууланды.

Талкууланган стратегия компаниялардын, эксперттердин жана эл аралык уюмдардын өз ара аракеттенүүсү үчүн өнөктөштүк форматтарын түзүүнү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну, туруктуу өнүгүүнүн алдыңкы практикаларын жайылтууну, ошондой эле туруктуу бизнес чечимдерин түзүү жана жергиликтүү компаниялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн аналитикалык инструменттерди колдонууну камтыйт.

Маанилүү жагдай, «Элдик Банк» ААК БУУнун Глобалдык келишиминде активдүү катышып, 2023-жылы 160 өлкөдөн 17 000ден ашык ири компаниялар менен бирге Тармакка кошулган Кыргызстандагы биринчи банк болуп калды. Уланбек Ногаев Борбордук Азиядагы БУУнун Глобалдык келишимдер тармагынын Директорлор кеңешиндеги Кыргызстандык жалгыз өкүлү болуп калды.

Жыйналыштан кийинки комментарийинде Уланбек Ногаев БУУнун Глобалдык келишимдер тармагы туруктуу өнүгүүнүн жана жооптуу бизнестин принциптерин илгерилетүү үчүн маанилүү эл аралык платформа экенин белгиледи. Ал, ошондой эле, бул Тармакка катышуу компанияларга мыкты эл аралык практикаларды интеграциялоого, социалдык жана экологиялык өнүгүүгө салым кошууга, ошондой эле корпоративдик башкарууну жакшыртууга мүмкүндүк берет деп кошумчалады. Ногаев Кыргызстан бизнес коомчулугун БУУнун Глобалдык келишиминде активдүү катышууга жана туруктуу жана узак мөөнөттүү өнүгүү үчүн анын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга чакырды.

Маалымат: БУУнун Глобалдык келишимдер тармагы Борбордук Азияда Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан 100дөн ашык компанияны бириктирет, алар жооптуу бизнес жүргүзүү принциптерине берилгендиктерин тастыктап, Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн конкреттүү кадамдарды жасоого даяр.

БУУнун Глобалдык келишимдер тармагынын Директорлор кеңешине региондогу ар кандай компаниялардын өкүлдөрү кирет:

VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: