Быйыл дүйнөлүк мунайдын баасы $69дан $56га төмөндөйт, - АКШнын Энергетика министрлиги
2025-жылы мунайдын баасы $76дан $64төн төмөнкү деңгээлге чейин төмөндөгөн. 2026-жылдын биринчи кварталында баа $59 түзөт деп күтүлүүдө, ал эми төртүнчү кварталда $53кө чейин төмөндөйт.
«Биз 2026-жылы мунайдын баасынын төмөндөшүн болжолдойбуз, анткени дүйнөлүк мунай өндүрүшү суроо-талапты ашып, запастарды көбөйтөт», - деп белгиленет министрликтин отчетунда.