
2026-жылдын 18-январында Токмок шаарынын Ички иштер башкармалыгына 1986-жылы туулган С.А. аттуу жарандан арыз келип түшкөн. Ал 2026-жылдын 17-январында саат 21:00 чамасында «Атаке» дүкөнүнүн жанында, 2008-жылы туулган И.Т. аттуу жашы жете элек кызын, тааныш эмес эркектер Э. жана А. аттуу адамдардын күч менен ак түстөгү Hyundai Grandeur унаасына отургузганын билдирген. Бул маалымат Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгына берилген.
Эне сөзүнө караганда, анын кызы зомбулукка кабылган: кылмышкерлер аны ар кандай жерлерге алып барып, денесине жаракаттар берип, курч нерсе менен бычактап, боорун бууп, өмүрүнөн ажыратууга аракет кылышкан.
Акырында кызды Чүй районунун Чүй айылындагы «Жаннат» мейманканасынын жанында таштап кетишкен. Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасының Кылмыш кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш иши катталган.
Оперативдүү иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн жеке башын аныкташкан — 1993-жылы туулган А.Э. жана 1994-жылы туулган А.А. экөө тең кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылган.


Иш боюнча бардык зарыл соттук экспертизалар дайындалды, тергөө уланууда.