
Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Ош облусундагы көп кабаттуу турак үйлөр жана башка курулуш объектилери текшерилди.
Кара-Суй районундагы Кашкар-Кыштак айылында 12 кабаттуу үй курулуп жаткан объектте курулуш материалдарын колдонуу жана сактоо боюнча мыйзам бузуулар аныкталды. Аныкталган кемчиликтердин натыйжасында курулуш үчүн жооптуу «Зеромакс» ЖЧКсы жазуу түрүндө эскертүү жана айып пул алды.
Иш-чаралардын максаты курулуш тармагында мыйзамдуулукту, коопсуздукту жана сапатты камсыздоо, ошондой эле жарандардын өмүрүнө жана ден соолугун коркунучка салган кырдаалдардын алдын алуу болуп саналат. Ошондой эле рейддер мыйзамсыз курулушту токтотууга багытталган, деп белгилейт Минстрой.