
Келишимдин шарттары бузулгандыгы тууралуу факт Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда аныкталды. Каржы министрлигинин аудиттери мамлекет үчүн чоң финансылык жоготуулар бар экенин тастыктады.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ОсОО тарабынан зыяндын толук калыбына келтирилишине жетишилди, учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул коррупциялык схемага катышкан Коргоо министрлигинин кызматкерлерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.
