Кыргызстандын президенти 2025-жылы 25 чет өлкөгө сапар жасады

2025-жылы президент Садыр Жапаров 25 чет өлкөгө сапар жасады. Бул маалыматты КРнын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жылдын жыйынтыгын чыгарган пресс-конференцияда билдирди.
Министрдин маалыматына караганда, бул сапарлардын арасында 3 мамлекеттик, 3 расмий жана 18 жумушчу сапар болгон.
Жыл ичинде кол коюу үчүн 633 эл аралык документ даярдалган, алардын арасында 163 эки тараптуу жана 407 көп тараптуу документ бар.
Ошондой эле, тышкы экономикалык ишмердүүлүк алкагында 190 чогулуш жана сапар өткөрүлгөн, анын 60ы Кыргызстанда, калган 130у чет өлкөлөрдө өткөн.
Окшош материалдар:
