Башкы бет » Саясат » Жээнбек Кулубаевдин Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри менен телефондук сүйлөшүүсү болду
Саясат

Жээнбек Кулубаевдин Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри менен телефондук сүйлөшүүсү болду

271

Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен анын беларусьтик кесиптеши Максим Рыженковдун ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду.
Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин маанилүү аспекттери талкууланды. Айрыкча, министрлер жогорку деңгээлдеги жакынкы жолугушуулар графигин, тышкы иштер министрликтеринин кызматташтыгы алкагында болгон визиттерди карашты.

Ошондой эле, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жакынкы жыйынына даярдык көрүү алкагында күн тартибиндеги негизги маселелер жана бул уюмдагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашуу болду.

Сүйлөшүүнүн аягында министрлер бири-бирин келе жаткан Жаңы жыл менен куттукташты.
Окшош материалдар:
gazeta.kg сайтын колдонуу менен сиз купуялуулук саясатын кабыл аласыз.
ОК