Жолугушуунун катышуучуларынын айтымында, учурда негизги долбоордук материалдардын даярдыгы ийгиликтүү аяктады, ал эми чертеждерди тактоо жана документацияны макулдашуу боюнча иштер уланууда.
Курулуш аянттарында көптөгөн иштер активдүү жүргүзүлүүдө, анын ичинде көпүрөлөрдү куруу, жер казуу иштерин жүргүзүү жана тоннелдерди казуу. Жалпысынан 3,5 миллион кубометрден ашык жер казуу иштери аткарылды.Эрлист Акунбеков бардык коопсуздук нормаларын жана экологиялык стандарттарды сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, өкмөт бул долбоорду ишке ашырууда толук колдоо жана координация көрсөтөрүн кошумчалады.