2026-жылга карата өлкөнүн экономикасы 9,3%га өсөт деп күтүлүүдө, бул мурдагы баалоолордон 2,2 пайыздык пунктка жогору.
ЕАБРдин маалыматы боюнча:
- Туруктуу керектөө активдүүлүгүнүн өсүшү экономикага мурда болжолдонгондон узакка созулган таасир көрсөтөт.
- Керектөө кредитинин темптери жогору бойдон калат, ал эми акча которуулардын оң тенденциясы 2026-жылдын башында ички сооданын өсүшүнө өбөлгө түзөт.
- Мамлекеттик программа тарабынан демилгеленген инвестициялар курулуш секторуна жана кайра иштетүү өндүрүшүнө оң таасир тийгизет.