
Өткөн жылы ЕАЭСтин коллегиясынын 45тен ашык жыйыны өтүп, анын жүрүшүндө 360тан ашык ар кандай актылар кабыл алынды. Бул тууралуу ЕАЭСтин координация башкармалыгынын начальниги Элимбек Каныбек уулу «Кабар» агенттигиндеги пресс-конференцияда билдирди.
Анын айтымында, ошондой эле премьер-министрлердин деңгээлинде 10 жыйын өткөрүлүп, анда 200гө жакын акт кабыл алынган. Өкмөт башчыларынын деңгээлинде өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин төрт жыйыны 50гө жакын актын кабыл алынышына алып келди. Президенттердин деңгээлинде өткөн жылы эки жыйын болуп, анын жыйынтыгында 34 акт кабыл алынды.
Бул жылы эки жыйын өткөрүлдү: бири 24-февралда конференция форматында, экинчиси 13-мартта Москвада өтүп, маанилүү маселелер талкууланды.
«13-марттагы жыйында 35 маселе каралды. Натижада 2026-2030-жылдарга карата ЕАЭСке катышкан өлкөлөрдүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча биргелешкен аракеттер программасы бекитилди. Бул документ мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, жарандардын маалымдуулук деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле санариптик өзгөрүүлөрдү эске алуу менен бирдиктүү мамилени иштеп чыгууга жана белгиленген чараларды аткарууну көзөмөлдөөгө багытталган. Калк арасында укуктук маданиятты жогорулатууга, маалыматтык кампаниялар аркылуу жана керектөөчүлөрдүн укуктары жана аларды коргоо механизмдери тууралуу билимдерин жакшыртууга багытталган заманбап кызматтарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду», - деди ал.
Элимбек Каныбек уулу ошондой эле «Лакокрасочные материалдардын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламент кабыл алынганын, ал Кыргызстан үчүн 2032-жылдан тарта күчүнө кирерин билдирди. Бул регламенттин талаптарын аткаруу үчүн өндүрүш линияларын модернизациялоо жана заманбап технологияларды киргизүү талап кылынат. Аталган чараларды ишке ашыруу тармактагы ишканаларды этап-этабы менен адаптациялоого убакыт талап кылат.Мындан тышкары, ал жыйында идентификация каражаттары менен белгиленүүгө тийиш болгон кондитердик азыктарды тизмеси бекитилгенин, ошондой эле мындай каражаттарга жана мамлекеттер аралык алмашууга жана кызыкдар тараптарга берилүүчү маалыматтын курамына талаптар коюлганын кошумчалады. Ошол эле учурда ар бир өлкө белгилөө датасын жана тартибин өз алдынча аныктайт, комиссияны анын башталышына чейин 6 айдан кечиктирбестен маалымдайт.