Бул чечимдин негиздемеси Кыргызстанда Достук айылында жайгашкан гипс ташын казып алуу жана кайра иштетүү заводу иштеп жатканы менен байланыштуу. Казып алуу Чангырташ кенинде жүргүзүлөт, ал өлкөдөгү гипс ташынын эң ири булактарынын бири болуп саналат.
Статистика көрсөткөндөй, республикада гипс ташын казып алуу көлөмү төмөнкүдөй болду:
- 2022-жылы - 63 625 тонна;
- 2023-жылы - 68 777 тонна;
- 2024-жылы - болжол менен 85 000 тонна.
Кабмин учурдагы импорт деңгээлин сактоо менен жергиликтүү өндүрүүчүлөр өз продукциясын сатууда жана өндүрүш кубаттуулугун жүктөөгө кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн экенин баса белгилейт. Убакыттуу тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары заводдун ишин калыбына келтирүү, өндүрүш кубаттуулугун жүктөөнү жогорулатуу жана жергиликтүү продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт, бул ошондой эле рыноктун импортко көз каранды болушун азайтууга жардам берет.
Бул тыюу убактылуу чара экенин белгилөө зарыл.