- мамлекеттик тилдеги толук аталышы: "АБанк" ачык акционердик коому;
- мамлекеттик тилдеги кыскартылган аталышы: "АБанк" ААК;
- расмий тилдеги толук аталышы: ачык акционердик коом "АБанк";
- расмий тилдеги кыскартылган аталышы: ОАО "АБанк";
- англис тилиндеги толук аталышы: the open joint-stock company "ABank";
- англис тилиндеги кыскартылган аталышы: OJSC "ABank".
ОАО "Айыл Банк" 1996-жылы Кыргызстандын өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк банк тарабынан колдоолонуп, "Кыргызская сельскохозяйственная финансовая корпорация" (КСФК) финансылык-кредиттик мекемеси катары түзүлгөн. КСФКнын негизги максаты жеке фермерлерге жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө кредит берүү болгон. 2006-жылдын 27-декабрында ОАО "Кыргызская сельскохозяйственная финансовая корпорация" ОАО "Айыл Банк" болуп өзгөртүлүү чечими кабыл алынды.