«Айыл Банк» аталышын «АБанк» деп өзгөртөт
Банктын маалыматына ылайык, мамлекеттик органдарда кайра каттоо үчүн бардык зарыл мыйзамдык процедураларды аткаргандан кийин, мекеме жаңы аталыш менен иштей баштайт.
Банк ошондой эле аталышты өзгөртүү кардарлар жана өнөктөштөр алдында бар болгон милдеттенмелерге таасир этпей турганын белгиледи. Бардык учурдагы келишимдер, эсептер жана кызматтар мурдагы режимде калат.
«Айыл Банк» Кыргызстандагы эң алдыңкы мамлекеттик банктардан бири болуп эсептелет. Анын тарыхы 1996-жылы Агрардык секторду колдоо максатында, Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган ОАО «Кыргызская сельскохозяйственная финансовая корпорация» (КСФК) менен башталат.
Реформа натыйжасында, 2006-жылдын 27-декабрында корпорация ОАО «Айыл Банк» болуп өзгөртүлдү.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Мамлекеттик "Айыл Банк" аталышын өзгөртөт
На внеочередном общем собрании акционеров, состоявшемся 2 февраля, было принято решение о смене...