
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Бишкек жана Чүй облусунда эт кластерлерин өнүктүрүүгө багытталган пилоттук долбоордун башталганын жарыялады.
Министрликтин маалыматына ылайык, долбоор малды семиртүүдөн баштап, кайра иштетүү жана даяр продукцияны сатууга чейин болгон бардык өндүрүш процессин камтыйт.
Фермерлерге жылдык 3% пайыздык чен менен, беш жылга чейин мөөнөтү бар жана бир жылга чейин жеңилдетилген мөөнөттү сунуш кылынат.
Бул долбоордун жалпы каржылоосу 1,5 миллиард сомду түзөт. Ишке ашыруу «Айыл Банк» ААКсы жана «Элдик Банк» ААКсы аркылуу жүргүзүлөт.