Такировдун белгилөөсү боюнча, азырынча бекитилбеген концепцияга ылайык, СПОТ системасы төмөнкүлөргө колдонулбайт:
- жеке колдонуу үчүн товарларды алып келүүчү физикалык жактарга;
- дипломатиялык максаттагы жүктөргө жана товарларга;
- транзиттик жүк ташууларга;
- Россиянын мыйзамдары менен жөнгө салынган ири салык төлөчүлөргө байланыштуу ташууларга;
- жөнөтүүчүлөр же кабыл алуучулар жанама салык төлөчүлөр болбогон учурларга.
«Ошентип, алдын ала маалыматтарга ылайык, долбоор маркетплейстер менен өз ара аракеттенүү үчүн да исключенияларды камтыйт», - деп жыйынтыктады ал.