Депутат: Суеркулов көчөсүндөгү 16/1-үйдүн тургундарын 2 жыл мурун жаңы турак-жай менен камсыз кылабыз деп көчүргөнбүз — эмнеге азыркыга чейин эч нерсе жасалган жок?
Ал эки жыл мурун тургундар көчүрүлгөнүн, жаңы турак жай берилет деп убада берилгенин, бирок азыркыга чейин батир берүү боюнча эч кандай чара көрүлбөгөнүн белгиледи. Госипотека программасы да ишке ашкан жок.
«Неге бул азыркыга чейин жасалган жок?» — деп депутат суроо узатты жана өкмөт менен Бишкек мэриясын бул маселе боюнча толук маалымат берүүгө чакырды.
Маселенин тарыхы:
2024-жылдын 1-мартында Суеркулова 16/1 үйүнүн алдында милиция, ӨКМ жана МТУ кызматкерлеринин катышуусунда акция өттү. Мэр Айбек Джунушалиев мурда тургундар белгиленген датага чейин имаратты бошотууга милдеттүү экенин билдирген.
Бишкек шаардык жер ресурстары кызматынын маалыматы боюнча, имарат жайгашкан участок (бизнес-центр жана соода борбору үчүн арналган) 0,151 га аянтка ээ жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде.
Мэриядан билдиришкендей, имараттын биринчи кабатында жана экинчи, үчүнчү жана төртүнчү кабаттардын айрым бөлүктөрүндө коммерциялык сатууга арналган 24 жай бар. Мындан тышкары, бешинчи кабаттан тогузунчу кабатка чейин 45 офис курулган.
«Бардык 69 жай тургундар тарабынан ээленген, жана фактически объект жашоо үйү катары колдонулууда», - деп кошумчалашты мэриядан.