
Жаңы ишкерлер үчүн мамлекеттик колдоо жеткиликтүү болду
Кыргызстанда жаңы бизнесмендерди колдоо боюнча мамлекеттик программа алкагында 1 миллион сомго чейин жеңилдетилген кредит алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Бул тууралуу маалыматты Экономика жана коммерция министрлигинин бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Уметалиев «Биринчи радио» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бул демилге өкмөттүн 2026-2030-жылдар аралыгында тиешелүү долбоорду ишке киргизүү боюнча чечими менен мүмкүн болду.
«Стартаптарды ар кандай багытта колдоо пландалууда, жалпы 20 чамалуу долбоор болот. Бир долбоорго 1 миллион сомго чейин кредит алуу мүмкүнчүлүгү бар, мөөнөтү 18 айга чейин, анын ичинде алты айлык жеңилдетилген мөөнөт бар. Бул мөөнөт аяктагандан кийин ишкерлер пайыздарды төлөөгө киришет», — деп кошумчалады Нурбек Уметалиев.
Ал ошондой эле, программага төрт коммерциялык банк катышып, кредиттерди берүүдө экенин белгиледи.
Сүрөт www