Кыргызстан жана Гонконг эки жолу салык төлөөнүн алдын алуу боюнча келишимге кол коюшту, - Минэкономика
Бул келишимдин негизги максаты эки тараптын экономикалык субъекттери үчүн эки эселенген салык салууну жоюу болуп, бул Кыргызстан менен Гонконгдун ортосундагы экономикалык кызматташтык үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Министрликте мындай эки эселенген салык салуудан качуу боюнча келишимдер чет өлкөлүк инвестицияларды өлкөнүн экономикасына тартуу үчүн натыйжалуу инструмент экендигин белгилешти.
Документ ошондой эле бир өлкөнүн резиденттерин экинчи тараптын дискриминациялык салык салуусунан коргоону, салык төлөөдөн качууга каршы чараларды жана келишимдин шарттарын бузуу боюнча чараларды, ошондой эле эки тараптын компетенттүү органдары арасында маалымат алмашууну өнүктүрүүнү камтыйт.