Сокулук айылында Фрунзе көчөсүндө мыйзамсыз курулуштун бузуулары жүргүзүлүүдө
Адистер Сокулук айылындагы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан имараттарды текшерип, эки кабаттуу имараттын зарыл долбоордук жана уруксат документтерисиз курулуп жатканын аныкташты.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен ээсине төмөнкү чаралар көрүлдү:
- аныкталган мыйзам бузуулардын жоюлушу боюнча буйрук берилди;
- мыйзамдык талаптарга ылайык уруксат документтерин алуу тартиби түшүндүрүлдү;
- мыйзам бузуу үчүн жоопкерчилик тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
«Учурда объектинин ээси мыйзамсыз курулган имаратты өз ыктыяры менен бузууга киришти. Процесс башкармалыктын туруктуу көзөмөлүндө, ал аяктаганга чейин», - деп белгилешти Курулуш министрлигинде.