Кыргызстандын ИДПсы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 2 трлн сомдон ашат, - Касымалиев
Иш-чаранын алкагында үч негизги аспект талкууланат: экономика жана каржы тармагындагы иштин жыйынтыктары, реалдуу сектордогу натыйжалар, ошондой эле 2025-жылга карата социалдык тармактын көрсөткүчтөрү.
Министрлер кабинетинин төрагасы жана КР президентинин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев экономика жана каржы секторунун абалы тууралуу маалымат берди.
Өнүктүрүү планына ылайык, ИДПнын орточо жылдык өсүү темпи 5,5% деңгээлинде белгиленди. Бирок, акыркы төрт жылда Кыргызстан орточо 9% өсүүнү каттаган.
2025-жылдын аягына карата болжолдонгон ИДПнын көлөмү 1 трлн 976 млрд сомду түзөт, ал эми реалдуу өсүү темпи 11,1% деңгээлинде күтүлүүдө.
«2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП 2 трлн сомду ашат деп күтүп жатабыз, ал эми өсүү темптери 11%дан жогору болот», - деди Касымалиев.
Ал ошондой эле 2026-жылга карата адам башына ИДП 1500 долларга жетиши керек экенин, бирок 2025-жылы бул көрсөткүч 3075 долларды түзөрүн кошумчалады.