НАИнин маалыматы боюнча, 2022-жылдан 2024-жылга чейин 35 арыз алынган, ал эми 2025-жылы 24 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде 2024-жылдан которулган 2 арыз бар.
Агенттиктен белгилешкендей, инвесторлорго ар кандай маселелер боюнча, анын ичинде төмөнкүлөргө байланыштуу кайрылууларында жардам беришкен:
- салык органдарынын аракеттери, мисалы, салыкты кайра эсептөө;
- жер участкаларын берүү же узартуу боюнча жергиликтүү бийликтин баш тартуулары;
- укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз текшерүүлөр жана башка ушуга окшош учурлар.
Мындан тышкары, НАИ юридикалык кеңештерди жана иштеп жаткан мыйзамдарды түшүндүрүүлөрдү берет, ошондой эле инвестициялык келишимдерди жана инвестициялык ишмердикке тиешелүү ар кандай нормативдик-укуктук актыларды экспертиза кылат.
Агенттиктин маалыматы боюнча, 2025-жылдын 12-майында НАИ Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын автоматташтырылган маалыматтык системасына «Инвесторлордун арыздары реестри» деген аталыш менен интеграцияланды.