Кыргызстан 2025-жылы жеңил автоимпортту азайтты
Өткөн жыл менен салыштырганда, импорттолгон жеңил унаалардын саны 1 967 даанага азайган. Импорттун наркы да 38,1%га төмөндөгөн. Негизинен, унаалар Түштүк Кореядан (58 920 даана), Кытайдан (49 497 даана), АКШдан (9 792 даана), Япониядан (4 869 даана) жана Россиядан (4 036 даана) киргизилген.
Салыштыруу үчүн, 2024-жылы Кыргызстан 141 032 жеңил унааны $1,7 миллиарддан ашык суммага импорттогон.
Башкы беттеги сүрөт: Алексей Даничев / "РИА Новости".