
Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги эректильдик дисфункцияны дарылоого арналган дарынын медициналык колдонулушун тыюу жана рыноктон алып салуу жөнүндө жарыялады, деп билдирет TengriHealth.
100 мг силденафил (иштөөчү зат) камтыган "Десилмакс" таблеткалары, BSE92301A сериясы, 2026-жылдын июль айына чейин колдонууга жарамдуу. Өндүрүүчү – индиялык Macleods Pharmaceuticals Limited компаниясы.
Маалымат: Силденафил (Viagra) 1989-жылы Pfizer компаниясы тарабынан ачылып, синтезделген. Ал башында жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоого каражат катары изилденген, бирок эректильдик дисфункциядагы натыйжалуулугу клиникалык сыноолордо тастыкталган. 1998-жылы силденафил Viagra бренди менен колдонууга уруксат алган.
Тыюу буйругу 2026-жылдын 11-февралында Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жана фармацевтикалык көзөмөл комитетинин төрагасы тарабынан кол коюлган.
Бул документке ылайык, көрсөтүлгөн сериядагы дары дарыканалардан жана медициналык мекемелерден алып салынууга тийиш.
Тыюунун себептери буйрукта ачык айтылган эмес.