ГНС жаңы ЭСФ формасын электрондук соода үчүн маркетплейсларда киргизди
Бул ЭСФ формасы товарларды өлкөдөн чыгарууда түзүлүшү керек жана маркетплейс аркылуу сатылуучу товарлардын экспортун документалдык жактан коштоп берүү үчүн гана арналган.
Эсеп-фактураны түзүү товарды сатуу катары эсептелбестигин жана салык милдеттенмелеринин пайда болушуна алып келбестигин белгилеп өтүү маанилүү.
Электрондук соода үчүн ЭСФ түзүү тартиби:
– электрондук эсеп-фактуралар системасына кирип, «Маркетплейстер үчүн ЭСФ» бөлүмүн тандаңыз;
– интерфейстин оң жогорку бурчунда «Кошуу» баскычын басыңыз;
– андан ары салык төлөөчү «Электрондук соода аянтчасында соода ишмердүүлүгү үчүн эсеп-фактураны түзүү жана колдонуу тартиби» боюнча бардык талааларды толтурууга тийиш.
Электрондук соода үчүн түзүлгөн эсеп-фактуралардын оңдолбой турганын жана жокко чыгарылбай турганын эстен чыгарбоо маанилүү.
Салык төлөөчүлөр бардык маалыматтарды так толтурушу керек, анткени киргизилген маалыматтар сакталган соң өзгөртүлбөйт же жокко чыгарылбайт.
Жаңы ЭСФ формасын киргизүү бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана Кыргыз Республикасынан товарларды үзгүлтүксүз чыгарууну камсыздоого багытталганын баса белгилөө керек.
Дагы окуңуз:
Неге соодагерлер QR-төлөмдөрдөн коркушат? - ГНСтин орун басары менен интервью
Социалдык тармактарда жана маалымат каражаттарында базарларда соода кылуучулардын накталай...