Анын айтымында, ушул сумма ичинен 32,7 миллион доллар грант, ал эми 994 миллион доллар 25 жылдык мөөнөтү менен 1,5% пайыздык ставкасында жана 5 жылдык жеңилдик мезгили менен кредит болуп саналат.Бөлүнгөн каражаттар төмөнкү багыттар боюнча бөлүштүрүлөт:
- экономиканы колдоо - 400 миллион доллар;
- энергетика сектору, Камбар-Ата ГЭС-1ди курууну кошкондо - 362,7 миллион доллар;
- суу ресурстары жана ирригация - 180,2 миллион доллар;
- санариптештирүү - 61 миллион доллар.
Акжолов 30-ноябрга карата жалпы мамлекеттик карыз 8 миллиард 850 миллион долларды түзөрүн, анын ичинен 5 миллиард 288 миллион доллар тышкы карыз, ал эми 3 миллиард 561,5 миллион доллар ички карыз экенин тактады. Анын айтымында, МАРдан каражат алуу натыйжасында жалпы карыз дээрлик өзгөрбөйт.