
Компания 200 миң сомго айып пулга жыгылды, жумуштар убактылуу токтотулду
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлиги Чолпон-Ата курорттук аймагында мыйзамсыз курулуштар аныкталганын билдирет.
Ысык-Көл облустук мамлекеттик архитектуралык курулуш контролдоо департаментинин инспекторлору рейддик иш-чаралардын алкагында текшерүү жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ОсОО «Дагас Сити» фирмасы зарыл уруксат документтерсиз эки кабаттуу конок үйлөрүн куруп алгандыгы белгилүү болду.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын «Правонарушения жөнүндө» Кодексине ылайык протокол түзүлүп, 200 миң сом айып пул салынды, курулуш иштерин убактылуу токтотууга мажбур болушту. Мындан тышкары, компанияга аныкталган бузулууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилди.
Сүрөт министрликтин басма сөз кызматы тарабынан берилди.