Бучук участогунда Солтон-Сары кенинен өткөн жылы 876 кг алтын өндүрүлгөн
Жыйында региондун экономикалык секторундагы натыйжалар тууралуу маалыматтар сунушталды. Айрыкча, жыл ичинде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 16 миллиард 800 миллион сомду түзүп, 2024-жылга салыштырганда 9 миллиард 964 миллион сомго көбөйгөнү маалымдалды.
Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн негизги өсүшү металлургиянын эсебинен болду. 2024-жылы металлдардын өндүрүшү 360 миллион сомду түзсө, 2025-жылы 8 миллиард 336 миллион сомго жетип, 23 эсе өскөн.
Мындан тышкары, региондогу көмүр казуучу ишканалар 2 миллион 523 миң 769 тонна көмүр өндүрүштү, Ат-Башы ГЭСи 189,1 миллион кВт·ч электр энергиясын өндүрдү, ал эми Солтон-Сары кенинин Бучук участогунан 876 кг алтын казылып алынды.
Солтон-Сары кенинде үч участок бар: Бучук, Ак-Таш жана Алтын-Тор. Бул кендин болжолдонгон алтын запастары 20-22 тоннага жакын.
Ошондой эле, мамлекеттик колдоонун аркасында Нарын облусуна 16 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөнү, бул өнөр жай, энергетика, курулуш, жол инфраструктурасы, өндүрүш жана туризм сыяктуу маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бергенин белгилөө керек.
2025-жылдын мартында табигый ресурстар министри Медер Машиев Бишкектеги пресс-конференцияда маалымдагандай, кытайлык Zhong Ji Mining компаниясы 2025-жылы 3,4 тонна алтын казууну пландаштырууда. Бул компаниянын негиздөөчүсү кытай мамлекеттик компаниясы China Gold.