
Жаңы мастер-план Кыргызстанды жана Казакстанды камтып, туристтик кластерлерди түзүүгө, транспорттук байланыштарды жакшыртууга жана коридор боюнча долбоорлорго инвестицияларды тартууга багытталган.
Иш-чарада Экономика жана соода министрлиги, Туризм департаменти, ошондой эле Чүй жана Ысык-Көл облустарынын администрациялары, бизнес коомчулугу жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Бул документтин биринчи версиясы 2019-жылы бекитилген. Жаңыланган план пандемиядан кийинки туристтик рыноктогу өзгөрүүлөрдү эске алат жана туруктуу өнүгүүгө багытталган жаңы аспекттерди камтыйт.
Жаңы пландын негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- экотуризмди жана экологиялык жактан туруктуу инфраструктураны өнүктүрүү;
- кайталанма энергия булактарын киргизүү жана көмүртек изин азайтуу;
- чек арадагы процедураларды санариптештирүү жана транспорттук байланыштарды жакшыртуу;
- чек аралык туристтик маршруттарды түзүү.
Круглый столдун катышуучулары негизги инициативаларды жана мүмкүн болгон флагмандык долбоорлорду талкуулашты, бул мастер-планды ишке ашыруу эл аралык финансылык уюмдардан, мамлекеттерден жана жеке сектордон инвестицияларды тартат деп күтүшүүдө.
Алматы — Бишкек экономикалык коридору регионалдык интеграция жана Борбордук Азияда туризмди өнүктүрүү үчүн маанилүү долбоор катары каралууда.