
Өкмөт башчысы муниципалдык ишканаларды техникалык жабдуу боюнча иштер улантыларын белгиледи. Ал ошондой эле шаардык кызматкерлерди жаңы техниканы жоопкерчилик менен пайдаланууга жана шаардыктар үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга чакырды.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын сүрөтү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын сүрөтү.
"Ар бир техника жана автобус - бул биздин шаардыктар үчүн баалуу ресурс. Алардан үнөмдүү жана жоопкерчилик менен пайдалануу маанилүү, элдин ишеничин актоо үчүн", - деп баса белгиледи Касымалиев. Ал жаңы автобустар жана атайын техника муниципалдык кызматтардын ишин жакшыртууга жардам берет жана шаарды өнүктүрүү үчүн кошумча стимул болот деп кошумчалады.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын сүрөтү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын сүрөтү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын сүрөтү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын сүрөтү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын сүрөтү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын сүрөтү.
Иш-чарада берилген маалыматка ылайык, жаңы 12 метрлик Youtong маркасындагы автобустар Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган программа алкагында сатып алынган. Бюджеттик каражаттар эсебинен сатып алынган 42 атайын техниканын арасында авариялык унаалар, самосвалдар, гидрокрандар, JAC T-6 унаалары жана траншейдик виброкаткилер бар.