
Мурда система ички деңгээлде гана колдонулуп келген, бирок азыр ал ЕАЭСтин башка мүчө мамлекеттери менен интеграциянын алкагында иштеп жатат.
Алгачкы этапта навигациялык көзөмөлгө төмөнкү товар категориялары кирет:
- алкоголь жана тамеки буюмдары;
- айрым кийим, бут кийим жана электроника түрлөрү;
- санкцияларга кабылган товарлар.
Кыргызстанда навигациялык пломбаларды колдонуу. Сүрөт «ГТИ» ААКсы.

Кыргызстанда навигациялык пломбаларды колдонуу. Сүрөт «ГТИ» ААКсы.

Кыргызстанда навигациялык пломбаларды колдонуу. Сүрөт «ГТИ» ААКсы.

Кыргызстанда навигациялык пломбаларды колдонуу. Сүрөт «ГТИ» ААКсы.
Пломбаны орнотуу же алууну 15 мүнөттөн ашык убакыт албайт.Компаниянын маалыматы боюнча, бул системаны киргизүүнүн максаты жүк ташуу процессинин ачыктыгын жакшыртуу, көзөмөл процедураларынын санын азайтуу жана жүктөрдү жеткирүүнү тездетүү болуп саналат.
«ГТИ» ААКсы ЕАЭС алкагында жүк ташууларды көзөмөлдөө боюнча улуттук оператор болуп дайындалды жана тышкы экономикалык ишмердүүлүк катышуучуларына маалыматтык колдоо көрсөтүүнү улантууда.
Маалымат алуу үчүн 1205 («Кыргызтелеком» абоненттери үчүн) же +996 552 56 34 01 (WhatsApp / Telegram / MAX) номерлери боюнча 24/7 иштеген колл-борборго кайрылсаңыз болот; ошондой эле электрондук почта аркылуу жазсаңыз болот: [email protected]