Быйылкы жылдын 1-январынан тарта чет өлкөдө иш жүргүзгөн ишкерлер жөнөкөйлөтүлгөн салык системасына бирдиктүү салык түрүндө өтүүгө милдеттүү. Бул категориядагы салык төлөөчүлөр үчүн 0,1 пайыздык жеңилдетилген ставка белгиленген.
Мурда өтүү тууралуу маалымдаманы 1-февралга чейин аймактык органдарга тапшыруу талап кылынган. Бирок ГНС жарандардан жана уюмдардан белгиленген мөөнөттө процессин аяктаганга үлгүрбөгөндүгү тууралуу көптөгөн арыздар алган.
Ишкерлерди колдоо жана жаңы салык режимине өтүүнү жеңилдетүү максатында, салык органы арыз берүү мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алды.
Арызды кайда тапшыруу керек
Арызды каттоого алынган жердеги салык органдарына тапшыруу керек. ГНСтин адистери 0,1 пайыздык жеңилдетилген ставканы колдонуу боюнча кеңештерди жана зарыл формаларды толтурууда жардам берүүгө даяр.
Бул атайын режимге өтүү ишкерлерге чет өлкөдөгү ишмердүүлүгүн эң ыңгайлуу шарттарда легалдаштырууга мүмкүнчүлүк берет, деп баса белгилешет ведомстводо.