Ведомствонун маалыматына ылайык, HTX дүйнөдөгү жетекчи эл аралык криптобиржалардын катарына кирет жана дүйнө жүзү боюнча 55 миллионго жакын колдонуучуга кызмат көрсөтөт. Платформа споттук жана деривативдик соода, стейкинг, Web3 кызматтары жана башка финансылык инструменттерди сунуштайт.
KGST соодасынын HTXтеги негизги параметрлери:
- депозиттер 2026-жылдын 9-февралынан, 08:30 (UTC / Бишкектин убактысы боюнча 14:30) баштап жеткиликтүү;
- соода KGST/USDT парында споттук соода форматында жүргүзүлөт;
- каражаттарды чыгаруу 2026-жылдын 10-февралынан, 10:30 (UTC / Бишкектин убактысы боюнча 16:30) баштап жеткиликтүү болот.
KGST стабилдүүлүккө багытталган стейблкоин болуп саналат жана эсептешүүлөрдө жана санарип финансылык инструменттерде колдонууга арналган. Ал BNB Smart Chain платформасында BEP-20 стандарты боюнча чыгарылган.
"KGSTнин HTX дүйнөлүк биржасында листинг болушу мамлекеттин виртуалдык активдер үчүн ачык жана атаандаштыкка жөндөмдүү экосистеманы түзүү боюнча үзгүлтүксүз ишинин натыйжасы. Биз жалгыз долбоорлорду гана эмес, глобалдык экономикага интеграцияланган санарип финансылык улуттук инфраструктураны түзүүнү да пландап жатабыз", - деп белгиледи Фархат Иминов.