9-февралда өткөн Жогорку Кенештин финансылар, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында, каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов министрлер кабинетинин буйруктары тууралуу маалымат берди.
Акжоловдун айтымында, бул суммадан 679 млн 600 миң сом ремонт жана реконструкция иштерине жумшалат:
- Пушкин атындагы парк - 450 млн сом;
- О. Сейлакунов атындагы борбордук сквер - 70 млн сом;
- тарыхый-өлкө таануу музейи - 159,6 млн сом.
- темир-бетон буюмдарын чыгарган заводду модернизациялоо - 273 млн сом;
- автобустарды сатып алуу - 300 млн сом;
- муниципалдык ишканалар үчүн атайын техникаларды сатып алуу - 329,7 млн сом.
Башкы беттеги иллюстрация: destinationkarakol.com.