
Жогорку Кеңештин агрардык саясат, экология жана суу ресурстары боюнча комитетинин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы министри Бакыт Торобаев жазгы талаа иштерине даярдык тууралуу маалымат берди.
Анын отчетуна ылайык, Кытай менен экспорт боюнча 15 протоколго кол коюлду, дагы үч протокол түзүү пландаштырылууда. Мындан тышкары, 17 түрдөгү продукция протоколдорсуз экспорттолууда.
«ЕАЭБ менен кызматташуу алкагында 462 ишкана активдүү иш алып барууда. Министрлик Европалык Союзга бал экспорттоого уруксат алды. 2025-жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 459 миллиард сомго жетет, бул өткөн жылга караганда 62,9 миллион сомго көп. Өнөр жай тармагы 104 миллиард сомдук товар өндүрдү, бул 16 миллиард сомго өсүүнү билдирет», - деди министр.
Торобаев ошондой эле айрым региондордо рекорддук түшүм жыйналганын белгиледи: Жайыл районунда бир гектардан 120 тонна помидор, Лейлек районунда 113 тонна пияз, Манас районунда 120 тонна калемпир, ал эми Кочкор районунда 30–35 тонна картөшкө жыйналган.