
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда сафлор майын өндүрүү башталды. Бул маалымат суу ресурстары, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы министри Бакыт Торобаев тарабынан Жогорку Кеңештин агрардык саясат жана экология боюнча комитетинин жакында өткөн жыйынында айтылды.
Торобаевдин айтымында, аталган райондун сугатсыз жерлерине ершовский сортунун себилди.
«Ар бир гектардан болжол менен 20 центнер түшүм алууга мүмкүнчүлүк бар. Биздин максат — 2029-жылга чейин өлкөдөгү май жетишсиздигин жоюу. Ошондой эле Америкадан алып келген башка сортторду да отургузуп көрүп жатабыз», - деп кошумчалады ал.