
Баткен облусунун Кадамжай районунда цитрус жемиштерин ийгиликтүү өстүрүү үчүн жаңы фитотехнологиялар активдүү колдонулууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы министри Бакыт Торобаев акыркы маалыматтарды бөлүшкөндө белгилүү болду.
Министрдин маалыматына ылайык, региондо мандарин, апельсин, лимон жана кумкват сыяктуу бир нече түрдөгү цитрус жемиштери өндүрүлүүдө.
Анын айтымында, көчөттөр үчүн жер аянттары кыйла көбөйгөн: 2023-жылы 801 гектар болсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 1 056 гектарга чейин өскөн.
Натыйжада, өткөн жылы жыйналган тропикалык продукциянын көлөмү 7 149 тонна болду.