Минсельхоз экспорттолгон айыл чарба продукциясынын сапатын контролдоо тууралуу айтып берди
Табалдиевдин айтымында, чийки затты кабыл алуу этапында кайра иштетүүчүлөр контролду жүргүзүшөт, эгер продукция талаптарга жооп бербесе, ал жеткирүүчүлөргө кайтарылат же белгиленген тартипте жок кылынат.
Ал ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламенттери эт продукциялары үчүн стандарттарды аныктай турганын белгиледи.
«Жаныбарларды сойуудан мурда ветеринардык коштоочу документтерге ээ болушу, идентификациядан, вакцинациядан, карантинден жана ветеринардык-санитардык экспертизадан өтүшү керек. Текшерүүдөн кийин ветеринардык врач продукциянын жарамдуулугу жөнүндө корутунду берет», - деп түшүндүрдү ал.
Мындан тышкары, Табалдиев экспорт учурунда чек арада документтер боюнча талаш-тартыштар пайда болушу мүмкүн экенин белгиледи. Бирок мындай маселелер тиешелүү өлкөлөрдүн кызматтары менен кызматташуу аркылуу жумушчу тартипте чечилет.