
Нацбанк тарабынан берилген маалыматка ылайык, 2025-жылдын 1-ноябрынан 2026-жылдын 6-февралына чейин 173 904 Кыргызстан жараны «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүн-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланган. «Кредит алууга өзүн-өзү тыюу салуу» жаңы механизми 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта киргизилип, жарандар өзүнүн жеке маалыматтарын мүмкүн болгон алдамчылыктан коргоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
«Түндүк» тиркемеси аркылуу өзүн-өзү тыюу салуу процедурасы төмөнкүдөй көрүнөт:
- «Түндүк» тиркемесин ачыңыз же жүктөп алыңыз.
- «Кызматтар» бөлүмүнө өтүңүз -> «Кредитке өзүн-өзү тыюу».
- Кредиттик тарых бюросун тандаңыз («Ишеним» же «СЭС»).
- «Өзүн-өзү тыюуну иштетүү» баскычын басыңыз -> Даяр!
Эгер «Кызмат убактылуу жеткиликтүү эмес» деген билдирүүгө туш болсоңуз, тиркемени жаңыртып, кайра аракет кылыңыз.