
Ош облусундагы Кара-Суй районунун прокуратурасы Савай айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текшерүү учурунда жер мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктады.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, мурда балдар ден соолук борборуна таандык болгон 0,24 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатылганы маалым болду.
Прокурордук кийлигишүүнүн натыйжасында, 15,6 млн сомго бааланган жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.