
Премьер-министрдин биринчи орун басары айыл чарба тобокелдиктерин камсыздандыруу жөнүндө эскертти
Премьер-министрдин биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Жогорку Кеңештин жыйынында быйылкы республикалык бюджетте табигый кырсыктар же төмөн түшүм болгон учурда фермерлерге компенсация берүү үчүн каражат жок экенин билдирди.
Бул маселени депутат Айсаракан Абдибаева көтөрүп, өлкөдө бюджеттин профицити бар экенин белгилеп, жабыркаган аграрийлерге жардам көрсөтүү үчүн каражат бөлүүнү карап чыгууну сунуштады.
Амангельдиев бул боюнча жооп берип, мындай учурларда мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы иштеп жатканын, фермерлерге жерин жана түшүмүн камсыздандыруу мүмкүнчүлүгүн сунуштаганын белгиледи.
Ал ошондой эле айыл чарба бизнес экенин, эгер мамлекет аграрийлердин чыгымдарын жаба баштаса, башка экономиканын тармактары үчүн да ушундай төлөмдөрдү жүргүзүүгө туура келерин айтты.
Сүрөт www