Департамент төмөнкү негизги чыгымдар боюнча маалымат берди:
- Шаардык коомдук транспорт үчүн субсидиялар — 1 миллиард 204 миллион сом;
- 401 ченемдеги светофорлорду тейлөө — 69 миллион 430 миң сом;
- Жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу — 4 миллиард 585 миллион сом;
- Кызматкерлердин эмгек акысы — 83 миллион 289 миң сом.
Бейшенбаев бул каражаттар борбордун транспорттук системасын иштетүү, ошондой эле жол инфраструктурасын модернизациялоо жана шаардык транспорттун туруктуу иштешин камсыздоо үчүн зарыл экенин белгиледи.