Депутат Кыргызстанда күн панелдерин өндүрүүнү баштоону сунуштады
Ал учурда өлкө боюнча күн панелдерин орнотуу үчүн инвестициялар тартылып жатканын белгиледи.
«Күн панелдерин өндүрүү үчүн негизги чийки зат — кварцит керек. Биздин өлкөдө 340 миң тонна кварц запасы бар. Көптөгөн райондор күн панелдерин орнотууну каалашат. Өндүрүштү түзүүнүн болжолдуу баасы 1 миллиард доллардын тегерегинде. Мындан тышкары, башка товарларды өндүрүүнү да уюштуруп алабыз. Бул 6 миң адамга жумуш орундарын түзөт», — деди депутат.
Мындан тышкары, ал Энергетика министрлиги бул маселени башка мамлекеттик мекемелер менен талкуулашы керектигин кошумчалады.
Учурда депутаттар «Жаңылануучу энергия булактары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү карап жатышат. Талкууланып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, ВИЭ тармагында иш алып барган компаниялар электр энергиясын сатууда алынган кирешенин 1%ын жергиликтүү бюджеттерге өткөрүп берүүгө милдеттүү болушат. Ошондой эле инвесторлор электр энергиясын сактоочу жабдыктарды орнотууга, алар объекттин орнотулган кубаттуулугунун 30%ынан кем эмес болушу керек.